Пример HTML-страницы

Нарындын 90 жаштагы тургуну таптакыр көрбөгөн казакстандык небереси менен жолукту (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushКазакстандагы Кызыл-Ордо облусунун Байконур шаарынын тургуну Төлөнбай уулу Урматбек таптакыр көрбөгөн Нарындагы туугандары менен жолукту.

Turmush басылмасы «Казакстандын жараны такыр көрбөгөн Нарындагы атасын издеп жатат» деген материалды жарыялагандан бир нече сааттардан кийин ал өзүнүн көптөн бери издеп, бирок дайынын таппай жүргөн атасы тууралуу маалыматты билип, туугандары менен байланыша алган. Бир нече ай өткөн соң ал Нарын районунун Ак-Кудук айылындагы туугандарына жолугуу үчүн келинчеги жана балдары менен келди.

Төлөнбай уулу Урматбек Нарындагы туугандары менен

«Атам Төлөнбай Табылдиев тууралуу маалыматтарды табууга жардам берген кыргыз элине рахмат. Тилекке каршы атам 2015-жылдын 24-мартында жүрөк оорусунан улам каза тааптыр. Анын аты Төлөнбай эмес, Төлөкбай экен.

Апам Торитбаева Жаңыл Оморовна, улуту казак. Тилекке каршы 2019-жылы каза болуп калды. Ал эми атам Табылдиев Төлөнбай Бейшенбековичтин улуту кыргыз. Бирок такыр көргөн эмесмин. Мага 6 ай толгондо ата-энем ажырашып кетип, апам төркүнү казак элине келе берген экен.

Таенемдин айтымында, 1996-жылы атам мени издеп, адам жөнөткөн экен. Андан бери эч бир кабары болгон жок. Эс тартып, бой жеткенден тарта атамды сураштырып баштадым. Базарда иштеген кыргыздардан сураштырсам, көпчүлүгү Ош облусунан болуп, тааныбайбыз деп коюшат. Кыргызстанга такыр барган эмесмин. Арадан 30 жыл өттү. Өзүм эки баланын атасымын.

Мага атамдын бир туугандары жана 90 жаштагы чоң энем кабарлашып, жакындан таанышууга үлгүрдүк. Атам жалпы 8 бир тууган экен. Өзүнүн менден башка баласы жок экенин билдим. Атамдын сүрөтүн көрүп, жаным жай таап калды. Туугандарым мени Нарын районунун Ак-Кудук айылына чакырышты. Буюрса алар менен жолугушчу күндөр да алдыда», — деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE