Пример HTML-страницы

Нарындагы 5 аким жаңы унаалуу болду. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусундагы 5 акимге кызматтык автоунаа тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Нарын облусундагы Ат-Башы, Ак-Талаа, Кочкор, Жумгал, Нарын райондук мамлекеттик администрация башчыларына жаңы кызматтык унаалар берилди.

Автоунаалардын ачкычын Президенттин администрациясынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору Сабыркул Ашимбаев жана президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов тапшырды.

Президенттин тапшырмасы менен президенттин иш башкармалыгы тарабынан «Chevrolet Captiva» үлгүсүндөгү 90 автоунаа сатылып алынган. Анын ичинен 5 автоунаа Нарын облусундагы акимдерге бөлүндү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE