Пример HTML-страницы

Нарында 33 жаштагы тургун жердеши менен урушкандан кийин 12 күн гана жашады

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облустук соту киши өлтүрүүгө айыпталып жаткан 33 жаштагы тургундун кылмыш иши боюнча келтирилген апелляциялык сунушту карап, 2022-жылдын 20-майында өкүм кабыл алды.

Билиал (аты өзгөртүлдү, К.Б.) 1989-жылы Нарын районунда туулган, бойдок, билими жок, эч жерде иштебейт.

Тергөө органдарынын маалыматына караганда, Билал 2021-жылдын 12-майында Нарын шаарындагы дөңгөлөк желимдөөчү жайлардын биринин алдынан мас абалында Нарын шаарынын 1989-жылы туулган тургуну Жалил (аты өзгөртүлдү) менен уруша кеткен. Андан кийин айыпталуучу жабырлануучуга ызаланып, аны бетке тепкен. Анын кесепетинен Жалил жерге жыгылып, эсин жоготуп койгон. Андан кийин эсине келгенде, айыпталуучу аны таксиге салып жиберген. 2021-жылы 14-майга караган түнү жабырлануучу облустук оорукананын сынык-жаракат бөлүмүнө жаткырылып, 16-майда абалы начарлап, комага түшкөн. 24-майда жандандыруу бөлүмүндө эсине келбей каза болгон.

Билал Жазык кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүмүнүн 1-пункту (ден соолукка оор зыян келтирүү, эски ред.) менен күнөөлүү деп табылып, 7 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылган. Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин негизинде жаза өтөөдөн бошотулуп, ага карата 4 жылга пробациялык көзөмөл белгиленген жана токтоосуз сот залынан бошотулган.

Нарын шаардык сотунун 2022-жылдын 14-мартындагы өкүмүнө Нарын шаарынын прокурорунун милдетин аткаруучу апелляциялык сунуш келтирип, Билалды Жазык кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүмүнүн 1-пункту менен күнөөлүү деп таап, жети жыл алты айга эркиндигинен ажыратууну сураган.

Апелляциялык инстанциядагы соттун сот отурумунда жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү айыпталуучу Билал менен бир айылдан болорун, келтирилген моралдык жана материалдык чыгым боюнча дооматы жок экенин, өз ара элдешкенин көрсөтүп, Нарын шаардык сотунун 2022-жылдын 14-мартындагы өкүмүн өзгөртүүсүз калтырууну сурады.

Айыпталуучу Билалдын жактоочусу жана Билал апелляциялык сунушуна карата келтирилген каршы пикирлерин толугу менен колдоп, Нарын шаардык сотунун 2022-жылдын 14-мартындагы өкүмүн өзгөртүүсүз калтырууну сурашты.

Натыйжада Нарын шаардык сотунун 2022-жылдын 14-мартындагы Билал жөнүндөгү өкүмү өзгөртүлдү.

Өкүмдүн корутунду бөлүгүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин (пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу) негизинде дайындалган пробациялык көзөмөл 83-беренесинин (көзөмөлдүк талаптар жана пробациялык милдеттер) шарттары менен бирге алып салынды.

Билалдын бөгөт коюу чарасы өзгөртүлүп, сот залынан камакка алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE