Пример HTML-страницы

Москва районунун борборундагы дубалдары урап, такталары чирип калган спорт комплекси 5 млн сомго оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Акыркы жанылыктар

Turmush30 жылдан ашуун убакыттан бери кароосуз калып, дубалдары урап, такталары чирип, терезелери сынган Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылындагы «Урожай» спорт комплексинде 5 миллион сомго капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.

Беловодск айылы райондун борбору болуп саналат. Анда 25 миңден ашуун калк жашайт.

«Райондогу борбордук спорт комплекси союз учурунда облуста алдыңкы катарда турчу. Союз таркагандан соң, тактап айтканда 30 жылдан ашуун убакыттан бери бир да жолу толук түрдө оңдоп-түзөөдөн өткөн жок. Дубалдары көчүп, терезелери талкаланып, такталары чирип баштаган жайда спорт ышкыбоздору ушул күнгө чейин эптеп ар түрдүү иш-чараларды өткөрүп, машыктыруу иштерин да жүргүзүп келген. Учурда бул жайда оңдоп-түзөө иштери башталды», — деди жергиликтүүлөр.

Ал эми Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Алмазбек Дубанаевдин айтымында, спорт комплекси 2022-жылы айыл өкмөтүнүн балансына өткөн. Аны толук түрдө оңдоп-түзөө үчүн жергиликтүү бюджеттен 5 миллион сом каралган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE