Пример HTML-страницы

Москва районунда жол инспекторлор балдарга жол эрежелерин түшүндүрүштү

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Москва районунда жол күзөтчүлөр балдардын жол коопсуздугун камсыздоо жана жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдирди.

«Александровка, Садовой, Беловодск жана Петровка айыл аймактарынан өткөн Бишкек— Кара-Балта унаа жолунун боюнда мектептер жайгашкан. Ошол аймактарда жол кыймылы көп болгондон улам, жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөчүлөр өзгөчө көңүл бурушуп, мектеп окуучуларына лекция окушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Алар ар бир окуучуда үйдөн мектепке чейинки жол картасы болуусуна жана ага ата-энелер да көңүл буруусун белгилешти», — деп билдиришти ЖКККБдан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE