Пример HTML-страницы

Москва районунда дене жаракатын алган аял боюнча милиция үн катты

Акыркы жанылыктар

TurmushМосква районунда айыл өкмөттө иштеген аял сабалганы тууралуу маалымат боюнча Чүй ОИИББдин басма сөз кызматты комментарий берди.

Маалым болгондой, 2023-жылдын 19-апрелинде Москва РИИБге Москва районунун Петровка айылында аял киши дене жаракаттары менен жүргөндүгү тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Аталган билдирүү Москва РИИБде катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. Анын алкагында булар аныкталган. Петровка айылынын1970-жылы туулган тургуну Б.Д. 18-апрелде Москва районунун акимчилигинде агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси өзүнүн иш бөлмөсүндө провокация кылып уруша кеткенин айткан.

Бул окуя боюнча Б.Д. арыз жазуудан, соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан.

22-апрелде Москва РИИБдин тергөө кызматы тарабынан аталган окуя боюнча иш козгоодон баш тартуу чечими чыгып, кабыл алынган чечимдин мыйзамдуулугун текшерүү үчүн ал Москва районунун прокуратурасына жөнөтүлгөн.

Буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Винера Раимбачаева Москва районунун Беловодск айылында жер мыйзамын бузуу фактылары катталгагын билдирген.

«1000 гектардан жери бар 4-5 монополист-жетекчилер салык төлөбөйт. Маалыматты текшерүү үчүн протоколдук буйрук бериңиз. Андан сырткары айыл өкмөттө иштеген аялды сабашкан. Бүт денеси көгөргөн. Эмне үчүн аялды сабап жатышат? Бул эмне? Ал мыйзам бузуулар боюнча да тема көтөрдү», — деген ал.

Спикер Нурланбек Шакиев бул боюнча протоколдук тапшырма берилерин билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE