Пример HTML-страницы

Москва районунда 16 жаштагы өспүрүм сууга чөгүп кеткен. Балдарга көлмөлөргө түшүүгө тыюу салынды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Москва районунда көлмөлөрдү көзөмөлдөө боюнча рейд өтүп, балдарга көлмөлөргө түшүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштешүү инспекциясынан билдиришти.

Маалым болгондой, рейдге райондук мамлекеттик администрациясынан, өзгөчө кырдаалдар, билим берүү бөлүмдөрүнөн өкүлдөр жана башка тиешелүү кызматкерлер катышты.

«Күндүн табы көтөрүлүп, учурда абанын температурасы 40 градуска чейин жете турганы айтылууда. Мындай шартта жайкы каникулда жүргөн балдар көлмөлөргө барып, сууга түшүүгө, анын жээктеринде эс алууга ашыгышат. Бирок ата-энелеринин макулдугу, көзөмөлү эске алынбай, өз алдынча тыюу салынган көлмөлөрдө эс алган учурлар да жок эмес. Жол боюнда, суу жээктеринде, көлмөлөрдө сууга түшүү кооптуу экендиги тууралуу такталарда ачык жазылып, илинип да турат.

Бүгүнкү күндө бардык көлмөлөр катуу көзөмөлгө алынды. Көлмө ээлерине, балдарга, ата- энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Кезектеги рейдде 4 факт катталып, тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп, балдардын коопсуздугун катуу көзөмөлдөө боюнча билдирүүлөр берилди», — деп айтылат маалыматта.

Рейд райондук ички иштер бөлүмү тарабынан уюштурулду.

8-июнь күнү райондун борборунан 40 чакырым алыс жайгашкан Беш-Терек айылында 16 жаштагы өспүрүм бала көлмөгө чөгүп кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE