Пример HTML-страницы

Милиция 7 жигитти кармап кетти (видео)

Акыркы жанылыктар

Turmush13-ноябрда түнкү саат 00:40 чамасында Талас шаарындагы «Алтын-Казык» соода борборунда массалык мушташка катышкандарга чара көрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Талас ШИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, милицияга ал түнү мушташ болуп жаткандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, соода борборго келген бир нече жигит пикир келишпестен урушуп кеткендигин аныкташкан. 7 жигитти милиция кызматкерлери шаардык ички иштер бөлүмүнө алып келишкен.

Алдын ала текшерүү учурунда алардын ​мас экендиги аныкталган. Бирок окуяга катышкандардын бардыгы ​жана соода борборунун администрациясы даттануудан баш тартышкан. Аталган факты боюнча административдик чаралар көрүлөт.

Окуя тууралуу:

Буга чейин күбөлөр Талас шаарындагы соода борбордо жаш жигиттердин арасында уруш чыгып, сыртта массалык мушташка айланганын билдиришкен.

Алдын ала маалыматтарга караганда, тойдон тараган балдар арасында чыр чыккан. Алар бири-бирин сөгүп, мушташып, таш менен да согушкан. Мушташкандар 1998-жылкы жигиттер экени айтылууда.

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бир аз убакыттан кийин маалымат берерин билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE