Пример HTML-страницы

Малик Аликеевдин акыркы көз ирмемдери, кошунага чуркаган эне

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 17-январда Талас районунун Көпүрө-Базар айылында ырчы Малик Аликеев көз жумду. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы анын туугандарынан кабар алды.

Алардын айтымында, ырчы айылда апасы экөө жашап жаткан.

«Апасы экөө айылда жашап жаткан. Жакында эле концерт бергенде баарыбыз барып, өзү аябай бактылуу болуп, апасы дагы сүйүнүп чай берген. Бүгүн эртең менен апасы кошунасына «Малик жаман болуп жатат» деп чуркап барыптыр. Алар келгенче эле үзүлүп кеткен экен.

Анын 2 эжеси бар. Мындан бир нече жыл мурун агасы каза болуп калган. Чоң апабыздын колундагы жалгыз уул болчу», — деди алар.

Маркум 19-январда жерге берилет.

— — — — — —

Бүгүн Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Малик Аликеев каза болгону кабарланган.

Маалым болгондой, маркум акыркы учурда ооруп жүргөн. Ал 1969-жылы Талас районунун Көпүрө-Базар айылында жарыкка келген. 5 бир туугандын кенжеси.

Элге «Мөлмөлүм», «Арзыкан», «Таласым» деген ырлары менен белгилүү. Атасы комузчу, ырчы болгон. Кичине кезинен баштап эле комуз чертип, ырдап жүргөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE