Пример HTML-страницы

Мал тейлеп жатып, видеого түшкөн Рамазан интернет жылдызына айланды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылынын 14 жаштагы тургуну Рамазан Кабылбеков «Leave the door open» аттуу чыгарманы ырдап, интернет жылдызына айланды. Аймактык кабарчы жаш таланттын апасы Айгүл Кызалакова менен байланышып, Рамазан тууралуу маалымат алды.

Рамазан Кабылбеков 2010-жылы 23-августта Суусамыр айылында туулган.

«Уулум англис тилиндеги ырларды угуп, ырдап жүрчү. Негизи өзү англис тили, физика, география, тарых сабактарын жакшы көрөт. Онлайн курстарга жазылып, кошумча билим алып жатат.

Атасы «Манас» эпосунан үзүндү айттырып, кара жорго бийлетип, ырдатчу. Үйгө конок келсе эле бул өнөрлөрүн көрсөтүп калчу. 3 жашта болсо керек. Бир окуя эсибизден кетпейт. Атасы куран окуп жаткан. Анан аябай карап: «Ата аны эмес, «Жамгыр төктүнү» ырдачы» деп баарыбызды күлдүргөн. Ал эми «Leave the door open» аттуу чыгарманы мал тейлеп жатканда ырдап, видеого тартылып коюптур», — деди ал.

Жаш таланттын атасы Талапбек Асаналиев Жеңишбек Жумакадыр баштаган «Баягылар» тобунун мүчөсү.

«Талапбек 1973-жылы туулган. Ал ушул Суусамыр айылдык маданият үйүнүн жетекчиси. 5 балабыз бар. Рамазан бир туугандарынын төртүнчүсү. Мындан улуу эки эжеси, агасы жана иниси бар. Келечекте ким болорун айта элек. Азыр көп кесиптерди айтып жатат. Хоббиси — футбол, шахмат ойноо», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE