Пример HTML-страницы

Лейлектин Кулунду айылында таза суу маселеси көп жылдардан бери чечилбей келет

Акыркы жанылыктар

TurmushЛейлек районунун Кулунду айыл аймагында таза суу маселеси көп жылдардан бери чечилбей келет. Бул тууралуу айыл өкмөттүн «Таза суу» ишканасынын жетекчиси Абдимажит Юлдашев билдирди.

Маалым болгондой, буга чейин 2022-жылга чечилери айтылып, тиешелүү кызматтарга тапшырма берилген. Бирок көрсөтүлгөн акча бөлүнбөй иш аткарылбай турат.

«2012-жылдан бери иштеп келем. Тажикстан менен чектеш болгону үчүн кеңири бир иш кыла албайсың. Техника иштетсең эле тажик аскерлери келип алышат. Былтыр долбоор иштеп тендер жүрүп, 153 млн сом бөлүнөт дегенде сүйүндүк эле. Минтип быйылкы 3 млн сом бөлүнгөнүн угуп, элге эмне дешибизди да билбей турабыз. 3 млн сомго ылайык иш жүрүп, токтоп калган», — деди ал.

Акча каралса Бешкент айыл аймагындагы Кожо-Баглан дарыясынан 19 чакырымга суу түтүктөрү тартылмак.

«Биз 2021-жылы таза суу маселеси боюнча президентке кат менен кайрылдык. Жыйынтык болуп 153 млн сомго тендерден «Алмалы Доор» курулуш компаниясы утуп, быйыл ноябрь айына иш бүткөрүлүп берилмек. Бирок быйылкыга 3 млн сом гана бөлүнүп, иш токтоп турат. Ал акча Бишкектен курулуш унааларынын келишине гана кеткен. Иш токтоп турат. Бешкент айыл аймагынан Кулунду айыл аймагына чейин 19 чакырым суу түтүгү 400дүк түтүк менен тартылат. Быйыл таза суу менен камсыз болуп калабыз деп сүйүнүп жатканбыз. Калган акча да каралып, иш аткарылса дейбиз. Кышкысын кыйналып таза сууга зарыккан 27000 адам таза суу менен камсыз болмок», — деди Кулунду айылдык кеңешинин төрагасы Шайырбек Орозалиев.

Буга чейин Кулунду айыл аймагындагы Интернационал, Кулунду, Раззаков жана Ак арык айылдарынын жашоочулары Сай участкасындагы союз убагында курулган насостон суу ичишип, ал саа- сааты менен гана ар бир айылга бөлүнүп берилип турган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE