Пример HTML-страницы

Кызыл-Сууда өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрдү

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ,13-март күнү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылында жаш өспүрүмдөргө болгон зомбулук, окуучулар арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу максатында жыйын болуп өттү.

Күч органдары жана райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан өткөрүлгөн жыйында өспүрүмдөргө жасалган зомбулук тууралуу кыска метраждуу тасма көрсөтүлүп, бул багытта бир катар маселелер каралды.

Мектеп окуучуларына РИИБдин адистери тарабынан кылмыштуулуктан оолак болуу үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Аны менен катар райондун прокуратура кызматкерлери өспүрүмдөр арасындагы кылмыш жана кырсык окуялары тууралуу маалымат берип, зомбулукту алдын алууда коомчулук да күрөшүү зарылдыгын белгилешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE