Пример HTML-страницы

Кыргыз-Өзбек университетинде IT адистеринин күнү белгиленди

Акыркы жанылыктар

TurmushКыргыз-Өзбек эл аралык университетинде Эл аралык компьютер адистеринин күнү белгиленди. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.

14-февраль — Эл аралык компьютер адистеринин күнүнө карата университеттин Аккредитация жана билим берүүнүн сапаты департаментинин мониторинг жана карьераны өнүктүрүү бөлүмү, инженердик-технология факультети жана кесиптик колледжи менен биргеликте бүтүрүүчү курстардын студенттери үчүн «Компьютер менен инновация ар бир кадамда» аталышында иш-чара өткөрдү.

Аталган иш-чарада техника илимдеринин кандидаты, профессор Гүлзат Өмүрбекова студенттер үчүн «Кесиптин актуалдуулугу жана күндүн тарыхы» деген темада өзүнүн кызыктуу баяндамасын жасады. Андан соң «Технолог Ош» ишканасынын адиси Данияр Аширбек уулу компьютер технологиясы боюнча практикалык мастер-класс көргөзүп берди.

Буга улай кесиптик колледждин октуучусу Жахангир Имаралиев жана кесиптик колледждин ПОВТ9-20 тайпасынын студенттери Мухидин Алимов, Денис Бакиров, Артыков Эрбол BrainUp билим берүү порталын иштеп чыгуу боюнча долбоору менен тааныштырып өтүштү.

Мындан сырткары сайттар аркылуу IT адистери үчүн ваканттык орундарды кантип издөө керек экендиги боюнча маалымдамалар берилди.

Уюштуруучулар бул иш-чаранын негизги максаты бүтүрүүчү курстун студенттери үчүн карьералык кадамдарын баштоодо туура жолдомо көрсөтүү экенин билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE