Пример HTML-страницы

Кочкордо өстүрүлгөн дарбыз түшүмүн берип баштады. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushКочкор районунун тургуну Чаки кызы Кыял дарбызды көп айдап, киреше тапса болорун айтат. Ал быйыл бул райондо экинчи жолу дарбыздын түшүмүн алууда.

«Дарбыз, коонду түштүк аймакта эле өсөт деп ойлоп келгенбиз. Адам аракет кылса, бардыгы болот экен. Быйыл дагы дарбыз айдап, түшүмүн алып жатам. Менин максатым үй-бүлөмдү таза азык менен камсыз кылуу болчу. Базардагы дарбыз менен үйдөн өстүргөн дарбыздын даамында айырма абдан чоң болот экен.

Жерди каздырып шагыл, кара топурак төктүрүп, анан көчөтүн отургуздум. Үйдөгү огород чакан болгондуктан, аз жерге эле өстүрүп жатам. Эч кандай жер семирткич колдонгон жокмун. Абдан чоң түйшүктү деле талап кылбайт экен. Биздин райондо дарбыз өстүрүп, картошкадай эле киреше тапса болот экен деп ойлоп калдым», — дейт Кыял Чаки кызы.

Ал мындан сырткары үйүнө коон да айдап, түшүмүн алууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE