Пример HTML-страницы

«Кесипке багыттоо» долбоору ылайыктуу адистикти тандоого жардам берет

Акыркы жанылыктар

TurmushКөптөгөн жогорку класстын окуучулардын тагдыры үчүн маанилүү мезгил келе жатат. Быйыл алар мектептеги окуусун аяктап, кийинки баскычка — келечектеги адистикти окуп үйрөнүүгө өтүшү керек. Убакытты жана ресурстарды текке кетирбөө үчүн бул чечимге жоопкерчилик менен мамиле кылуу керек. «Кесипке багыттоо» социалдык долбоору туура тандоого жардам берет.

Өткөн жылы Beeline Кыргызстан уюлдук оператору, «Билимдуу» коомдук фонду жана Enactus Кыргызстан Коомдук бирикмеси пайдалуу демилгени — кесипке багыттоонун бекер онлайн курстарын ишке ашырышкан. Бул үчүн Beeline атайын платформаны иштеп чыккан, ал дайыма өнүгүп, жаңы мазмун менен толукталып турат. Бүгүнкү күндө «Кесипке багыттоо» платформасында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

  • Креативдүү индустрия, IT, ишкердик, архитектура, дизайн, менеджмент, режиссура, PR жана маркетинг, тигүү тармагы, медицина, юриспруденция, ашпозчулук, финансы, психология жана педагогика сыяктуу эң көп талап кылынган багыттар боюнча орус жана кыргыз тилдеринде 20дан ашык видеосабактар;

  • Тесттик суроолор жана тапшырмалар;

  • Кесиптердин кайсы түрү сизге туура келерин аныктоого жардам берген кесипке багыттоо тести.

Обзордук видеосабактар кесиптин өзгөчөлүктөрү жөнүндө кеңири айтып берген белгилүү эксперттер тарабынан өткөрүлөт. Биринчи төрт курс бардык каалоочулар үчүн жеткиликтүү. Окууну улантуу үчүн Beeline номер менен катталуулары керек. Ошондой эле катталган колдонуучулар тесттен өтүп, мотивациялык кат жаза алышат. Эң ийгиликтүү катышуучулар Кыргызстандын алдыңкы компанияларына экскурсияга баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

«Кесипке багыт берүү» долбоору өзүнүн ишинин жүрүшүндө өзүнүн эң жакшы жагын көрсөттү. Түшүнүктүү, мазмундуу, эң негизгиси жеткиликтүү онлайн-курстардын идеясы жаштар арасында жакшы кабыл алынды. Бүгүнкү күндө эмгек рыногу ушунчалык тездик менен өзгөрүп жаткандыктан, кесипти кылдаттык менен тандап алуу өтө маанилүү. Келечектеги адистиктин чындап эле жакканы маанилүү: ошондо үйрөнүү алда канча жеңил жана кызыктуу болот», — деп белгиледи Beeline Кыргызстан’дын башкы директору Андрей Пятахин.

Beeline жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат!

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE