Пример HTML-страницы

Кербенде 22 млн сомго курулган бала бакча жакында пайдаланууга берилет

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кербен шаарында 100 орундуу бала бакча пайдаланууга берилүү алдында турат.

Кербен шаарынын мэри Нурбек Козубаевдин айтымында, бала бакчаны баланска алуу боюнча аракет көрүлүп жатат.

«Шаардык кеңештин депутаттары шаар мэриясына жеке жарандын демөөрчүлүгү менен бүткөн бала бакчанын имаратын баланска алуу боюнча милдеттендирген. Азыр ушул багытта иш жүрүп жатат. Сентябрь айына пайдаланууга берүүнү көздөп жатабыз», — деди ал.

Маалым болгондой, бала бакчаны курууга жалпы 22 миллион жумшалган. Каражат демөөрчү тарабынан берилген.

Буга чейин президенттин Жалал-Абаддагы ыйгарымдуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев өлкө башчынын тапшырмасына ылайык эл менен болгон жолугушууларда Аксыда имараты курулуп бүтүп, бирок пайдаланууга берилбей жаткан бала бакча маселеси көтөрүлгөн болчу.

  • Кербен шаарында жалпы 8 бала бакча иштейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE