Пример HTML-страницы

Карышкыр жана чөө аткан rкочкордук мергенчилердин арманы

Акыркы жанылыктар

TurmushКочкор райондук мамлекеттик администрациясында жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен мергенчилердин катышуусунда жыйын өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жыйынга Кочкор районунун акиминин орун басары Самат Асаналиев, айыл чарба кызматкерлери жана райондун мергенчилери катышты.

«Көл-Үкөк — Ак илбирс» коомдук бирикмесинин төрагасы Таалай Осмоналиев: «Мергенчилер үчүн көйгөйлүү маселе — мамлекеттен мергенчилерге көңүл бөлүү аз. Унаасы, мылтыгы, ок-дарысы да эч бир жерден каржыланбайт. Айылдардан карышкырлар малга зыян келип жатканда чакырык түшөт. Карышкыр аткан бригада барганда ат жок. Өз аттарын жүктөп баралы десе унаа чыкпайт. Унаа чыкса да ага төлөй турган каражаты жок. Жок дегенде мергенчилер барган кезде айыл өкмөттөр жергиликтүү малчыларды уюштуруп, ат жагынан жардам берип, жатаканаларын жылуулап, чайын берип турса жакшы болмок. Карышкыр аткан мергенчилер кароосуз калып, ак кар, көк музда ачка, азык-түлүк, кийим-кечесин көтөрүп, жөө жүрүп атып жатышат. Барбай коюшса, “Эмне атпайсыңар?” деп урушат. Өздөрү шарт түзүп беришпейт. Азыр чөө, норка, сагызган көбөйүп, токойдогу жандыктарды кырып жатышат. Аларды азайтып туруубуз керек. Ошол үчүн жергиликтүү бийлик мергенчилерге көңүл буруусу зарыл», — деди.

Өкмөткө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Аңчылыкты көзөмөлдөө жана аңчылык ресурстарынын санын жөнгө салуу департаментинин Кочкор районундагы адиси Ишен Жантемировдун айтымында, Нарын, Ат-Башы райондорунда карышкыр аткан мергенчилер үчүн сыйлык беришет.

«Биздин Кочкордо Төлөк айылынын малчылары гана карышкыр аткан мергенчиге жардам катары сыйлык беришет. Калган айылдарда көңүл бурулбайт. Жок дегенде айыл өкмөттөр, акимчилик мергенчилердин алдыңкыларына ыраазычылык кат, ардак грамота менен сыйлап коюшса, көңүлдөрү көтөрүлүп калмак. Мергенчилер жаныбарларды көбөйтүү иштерин жүргүзүп келе жатышат», — деди ал.

Кочкор районунун акиминин орун басары Самат Асаналиевдин айтымында, мамлекет тарабынан бекитилген чечим боюнча бир баш карышкыр аткан адамга 5 миң сом, бир чөөгө 3 миң сомдон төлөнүп берилип жатат.

«Биз айыл өкмөттөргө, айыл башчыларына, айылдык кеңештин депутаттарына айтып, мергенчилер кайсы айылга чөө, карышкыр атуу үчүн барса, унаа, тамак-аш, күйүүчү майдан жардам берип шарт түзүп беришсин. Акимчилик тарабынан алдыңкы мергенчилерди көрсөтсөңөр, сыйлоо иштерин жүргүзөбүз», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE