Пример HTML-страницы

Караколдо кышты узатып, Масленица майрамын белгилеп жатышат

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 16-мартта Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында славян эли кышты узатып, жазды тосуп, Масленица майрамын белгилеп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Майрамда ынтымак дасторкону жайылып, шаардагы ар этностун өкүлдөрү өздөрүнүн улуттук тамак-ашын көрсөтүп, сынактар уюштурулууда.

Жергиликтүү бийлик тургундарды майрамы менен куттуктады. Келген меймандарга концерттик программа тартууланып, оюн-зооктор, спорттук мелдештер уюштурулуп, майрамдын башкы тамагы болгон таттуу нан (блины) жасалууда.

Бөбөктөр үчүн да ар кандай сынактар өтүүдө. Ошондой эле балдар ишкерчилиги жармаңкеси өтүп, балдар өзөрү жасаган таттууларды сатууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Аягында кеп (масленица) өрттөлүп, жакшы тилектер айтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE