Пример HTML-страницы

Каракол шаарында 11 миң 901 түп көчөт отургузулду

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Каракол шаарында бак-дарактар массалык түрдө отургузулуп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, мекеме-ишканалардын өкүлдөрү, ишкерлер, журналисттер, маданият өкүлдөрү, депутаттар, студенттер, билим берүү тармагынын кызматкерлери, туризм тармагында иштегендер өздөрүнүн аллеяларын түптөп, көчөттөрдү тигип жатышат.

Каракол шаардык жашылдандыруу чарбасынын маалыматтына ылайык, быйыл ишкана тарабынан 9414 түп көчөт тигилди. Ал эми эл сатып алып тиккен көчөттөрдүн саны 2237 түптү түздү.

«Бул көчөттөрдүн баарынын өсүп кетиши үчүн ар бирине суу жеткирип жатабыз. Суу бардык жакка жетти», — деди аталган ишкананын жетекчиси С.Өскөнбаев.

Алыста эмгектенип жүргөн мигранттар да жардам берип жатышат. Бүгүн, 20-апрелде Россия жергесинде иштеп жүргөн мигранттар сатып берген 250 түп көчөт А.Масалиев көчөсүнө тигилди.

Шаардын вице-мэри Гулназ Орозованын айтымында, буга чейин мигранттар шаарга 20 түп жөкө дарагын (липа), 20 түп Индия сиренин жана 30 түп роза сатып алып беришкен. Алар Жеңиш эс алуу багына тигилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE