Пример HTML-страницы

Кара-суулук фермер чарбасында 10 000 долларга чейин бааланган арашан кочкорлорду багат

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр айлында «Аккула жылкы-кой» асыл тукум чарбасы бар. Чарбада фермер Курсантбек Сатыбалдиев жылкы жана койлордон сырткары тандалма кочкорлорду багат.

Фермердин айтымында, эң кымбат делген кочкорду 10 миң долларга саткан.

«Койлордун асылдуулугун арттыруу үчүн кочкорлордун жакшысын багуу керек. Менде Ооган, арашан тукумундагы койлор бар. Ошондой эле эки тукумдун аргындаштырылганынан чыккан койлорду да багам. Эң негизги максатым малдын асылдуулугун артыруу болуп саналат», — деди ал.

Курсантбек Сатыбалдиев белгилегендей, кочкорлорду эки жылда бир алмаштыруу керек.

———————————————————-

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги эт жана май багытындагы арашан аттуу жаңы кой породасын каттаган. Маалым болгондой, бул порода 1970-2021-жылдары Кыргызстанда чыгарылган.

Фермерлер 1977-жылы Тажикстандан гиссар породасындагы кочкорду алып келип, жергиликтүү кылчык жүндүү кой менен аргындаштырышкан. Аргындаштырылгандан кийинки туулган экинчи муундагы козуларын көбөйтүшкөн. Арашан породасындагы койлорду бийик тоолордо жана талааларда багууга ылайыктуу келип, козулары тез чоңоюшат. Көлөмү чоң, куйруктуу келип, 7-8 айлык козуларынын салмагы 48-61 кг, бир жаштагысы 60-78 кг, ал эми чоң койлорунун салмагы 109-177 килограммга чейин жетет. Ошондой эле сөөгү жеңил жана катуу келет. Кочкорлорунун мүйүзү болбойт.

АКИpress’тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE