Пример HTML-страницы

Кара-Суу шаарында таза суу түтүктөрү тартылып, саркынды суу тазалоочу жай курулуп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Суу шаарында таза суу түтүктөрү толугу менен тартылып бүтүп, ишке кирди. Бул тууралуу «Кара-Суу таза суу» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Азатбек Абдишов билдирди.

Анын айтымында, Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы тарабынан 6 млн 300 миң евро бөлүнгөн. Анын 1 млн евросу консультанттарга берилген. 5 млн 300 миң евронун эсебинен таза суу түтүктөрү 500 кубдук 3 суу кампасынан 22 км аралыкка тартылды.

«Мурда бизде 500 кубдук суу кампасы бар эле. Ал суу кампага суу 90-100 метр төмөндөн түтүк аркылуу артезиан суу сордурулат. Ушундай эле суу кампасынан экөө курулду. Үч кампадан таза суу түтүктөрү тартылып, ишке кирди», — деди ал.

Азатбек Абдишов саркынды сууларды тазалоочу станциянын курулушунун 50 пайызы бүткөнүн, ушул жылдын 31-августуна чейин толук бүтүрүү пландалып жатканын кошумчалады.

«5 млн 300 миң евронун 2 млн сому насыялык, 3 млн 300 миң евросу гранттык негизде бөлүнгөн. Курулуштун экинчи этабы — саркынды сууларды тазалоочу станция. Бул долбоордун жалпы баасы 2 млн 209 миң еврону түзөт. Курулуштун 50 пайызын бүтүрдүк. Ушул жылдын 31-августуна чейин толук бүтөт деген планыбыз бар. Курулуштун үчүнчү этабы жакында башталат. Узундугу 4 км 800 метр аралыкка канализациялык түйүн тартылат. Ал долбоордун жалпы суммасы 773 миң еврону түзөт», — деди Абдишов.

Кара-Суу шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу станциянын курулушун жүргүзүү боюнча тендерди Чехиянын «HANSA» компаниясы 2 млн 209 миң еврого жеңип алган. Аталган компания Оштон субподрядчы катары «Бек Строй» ЖЧКсын жалдаган. Учурда саркынды сууларды тазалоочу компаниянын курулушун «Бек Строй» ЖЧКсы жүргүзүп жатат. «Ханза» компаниясынын эки өкүлү курулушту көзөмөлдөп жатат.

«Бекстрой» ЖЧКсы Ош шаарынын саркынды сууларды тазалоочу станциясын реконструкциялоо иштерин жүргүзгөн.

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Бекстрой» жоопкерчилиги чектелген коомунун түзүүчүсү жана жетекчиси — Олжобаев Аскат Эгембердиевич. Компания 2009-жылы 27-мартта каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: турак жайларды жана имараттарды куруу.

————————————————————-

Ош облусунда административдик-аймактык реформанын алкагында Кара-Суу районунун Сарай айыл аймагы Кара-Суу шаарына кошулду.

Кара-Суу шаары Сарай айыл аймагы менен географиялык жактан тыгыз жана «Кара-Суу» базарынын 90%ы Сарай айыл аймагында жайгашкан. Ошондуктан бул айыл аймак Кара-Суу шаары менен кошулуп, экономикалык жактан өнүгүүсүнө шарттар түзүлөт.

Административдик-аймактык реформандан кийин Кара-Суу шаарында калктын саны 53 012 адамга, ал эми ээлеген аймагы 8 700 (87 км2) гектарга жетти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE