Пример HTML-страницы

Кара-Балтада 55 жаштагы аялды кичи автобус сүзүп кетти. Анын сан сөөгү сынып, мээси чайкалган

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Балта шаарынын тургуну 55 жаштагы апасынын ден соолугуна зыян алып келген кичи автобустун айдоочусун таап, жоопко тартууну өтүнүүдө.

Толгонайдын айтымында, окуя 6-июнь күнү кечинде болгон. Сосновсканын бурулушунан аталган аял жашы жете элек небересин Кайыңды—Бишкек багыты боюнча жүргөн кичи автобуска салып, айдоочунун телефон номурун жазып алуу үчүн салонго кирүүгө аракет кылган.

Айдоочу аны күтпөстөн, сүзүп кеткен. «Анын үстүнө ал ага жардам берген эмес. Окуяга күбө болгондор аны кичи автобуска отургузууга жардам беришкен. Бирок бир нече метр өткөндөн кийин айдоочу аны жолдон түшүрүп салган», — деди жабырлануучунун кызы Толгонай.

Аялды ооруканага кызы менен күйөө баласы алып келишкен. Алты күндөн бери Жайыл райондук жалпы дарыгерлер пратикалык борборунун травматология бөлүмүндө жатат. Томографияда жабырлануучунун сан сөөгү сынып, мээси чайкалганын көрсөткөн.

Окуя болгондон кийин аны жакындары дароо милиция бөлүмүнө арыз жазышкан. Бирок айдоочунун өздүгү азырынча (милиция тарабынан) аныктала элек.

«Милиция видеону байкоо камераларынан өзүңөр таап алгыла дешти. Биз ушундай кылдык. Кичи автобустун номурун көрсөттүк. Бирок ага эч кандай чара көрүлбөй, күн сайын эл ташып жатат», — дейт Толгонай.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE