Пример HTML-страницы

Кадамжайдын Чаувай айыл аймагынын ички жолуна 5 млн сомго асфальт төшөлөт

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжай районунун Чаувай айыл аймагынын ички 700 метр жолуна асфальт төшөлөт, деп билдирет аймактык кабарчы.

Асфальт төшөөгө жалпысынан 5 млн сом каралып, республикалык бюджеттен каржыланган.

Кадамжай райондук №46 жол тейлөө ишканасынын башчысы Шавкатбек Матисаевдин айтымында, аба ырайы жакшы болсо, асфальттоо иштери башталат.

«Учурда Чаувай айыл өкмөтүнүн ички 700 метр жолу асфальт басууга даяр. Жамгыр жаабай турса, өзүбүздүн ишкананын кызматкерлери асфальтташат», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE