Пример HTML-страницы

Кадамжайдагы чебер Багдагүл Эргешованын колунан чыккан жаздыктарды Бишкекке чейин алып кетишет

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжай районунун 47 жаштагы тургуну Багдагүл Эргешованын колунан чыккан жаздыктарга борбор калаадан бери буйрутмалар түшөт. Аймактык кабарчы чебер айым менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, жаздыктары түрдүү оюм-чийим, сүрөттөр менен кооздолот. Мындан сырткары гүл идиштерди, гүлдөрдү жасап кол өнөрчүлүк кылат. Ал бул өнөрүн киреше алып келүүчү жумуш эмес, хобби катары көрөт.

«Жаштыгымдан курак курап, чеберчиликти жакшы билчүмүн. Кийин чоңойгондо сулуулук тармагында иштеп, 18 жылдан бери сулуулук салонунда эмгектенем. Жаш кезимден бери кол өнөрчүлүктү да хобби катары көрүп, алектенип келем. Мурда кагаздан кооз гүлдөрдү жасап жүрдүм. Аябай эле суроо-талап жогорулап, белек үчүн жасаткандар көбөйгөн. Кийин гүл идиштерди кооздоп, төшөк, жаздыктарды кооздоп тиге баштадым. Мында кездемелерди түшүрүп кооздуктарды жаратам. Бул жумуштан ырахат алам. Анан көргөндөр кызыгып, буйрутма бере башташты. Азыр Бишкек шаарынан бери буйрутмалар түшөт. Кирешеси тиричиликке деле жетпейт. Болгону ырахат алып, бош убактымда алектенип туруу үчүн жасайм», — деди ал.

Чебер айым буга катар эле ысымынын маанисин айтып берди.

«Атымды ата-энем койгон. Мааниси көп. «Ачылган гүл», «бакчадагы гүл», «жарык берген гүл» деген маанилери бар», — деди ал.

Багдагүл айым 1 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE