Пример HTML-страницы

Кадамжайда кичи футбол боюнча мелдеш уюштурулуп, жеңүүчүлөр аныкталды

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжай районунда кичи футбол боюнча жаштар арасында уюштурулган спорттук мелдеш аягына чыкты, деп билдирди аймактык кабарчы.

«Кадамжай-Металлург» командасынын башкы машыктыруучусу Шералы Бекмуратовдун айтымында, мелдешке Кадамжай району боюнча жалпысынан 12 команда катышкан.

«Мелдеш ушул жылдын 10-январында башталган. 1 жумада 2 оюн болуп, командалар эки айлампа ойношту. Чемпионатта ар бир команда бири-бири менен 2 жолу беттешүүгө туура келди. Спорттук иш-чараны өткөрүү максаты — жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу, дени сак жашоого үндөө. Буюрса, келерки сезондо жогорку лига кылып, облустук деңгээлде мелдеш өткөрөбүз», — дейт ал.

— «Кадамжай-Металлург» командасы — 1-орун;

— «Султан Хаус—Үч-Коргон» командасы — 2-орун;

— «Халмион» командасы — 3-орун;

Олжолуу орунга ээ болгондорго кубок, медаль жана грамоталар берилген. Мындан сырткары мыкты оюн көрсөткөн футболчулар да атайын номинациялар менен сыйланышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE