Пример HTML-страницы

К.Мамбеталиевдин Чехиядагы жумушу жана жашоосу

Акыркы жанылыктар

Turmush«Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ысык-Көл районунун Корумду айылынын 52 жаштагы тургуну Кенжебек Мамбеталиев. Ал учурда Чехияда эмгектенип жаткандыгын Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.

«Мен К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетин аяктагам. Учурда Чехия мамлекетинде эмгектенем. Бул жакка оор жүк ташуучу унааларга айдоочу керектигинен улам 2018-жылы атайын келишим түзүп, анан келгем. Айлык маянасы Кудайга шүгүр, 1800дөн 2000 еврого чейин табабыз. Курулуш материалдарын жана унаалардын тетиктерин Европа өлкөлөрүнө ташыйбыз. Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү жарабайт. Бул жерде өздөрү окутушат.

Мен жашаган өлкөгө токтоло кетсем, жергиликтүүлөрү абдан кичи пейил жана маданияттуу келишет. Экономикасы жакшы өнүккөн. Өндүрүштүк завод менен фабрикалары ар бир айылда жана шаарларында бар. Жаратылышы кооз, адыр-адыр тоолор, карагай токойлор бар. Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну билишет.

Ден соолукка пайдалуу диеталык тамак-аштарды көп бышырышат. Мен алардын мындай тамак-ашына такыр көнө албай койдум. Анткени биз эт жана камырды көп жейбиз. Ушундан улам тамакты өзүбүз бышырып жейбиз. Аба ырайы биздикине салыштырмалуу бир топ жылуу. Эң катуу суук 9 градуска чейин жеткендигине күбө болдум», — деди ал.

Анын айтымында, жумушу аркылуу 10дон ашык өлкөлөрдү көрүп келген.

«Бул жерде кыргыздар ар кандай фирмаларда иштешет. Биздин фирмада эле 10го чукул кыргыз иштейт. Бөтөн эл, бөтөн жерде жүргөнүбүздөн улам бири-бирибизге боор тартып, бир туугандай эле болуп калдык.

Чехия өлкөсү мурунку союз учурундагы доорду эске сала берет. Жумуш бар, медициналык жактан тейлөө боюнча бардыгы жетиштүү, 1 жылга камсыздандыруу үчүн 150 евро төлөп коёбуз. Кыргызстанга кааласаң 3 айга, кааласаң 6 айга барып келсең болот. Жүк ташып жүрүп, Германия, Франция, Белгия, Голландия, Дания, Италия, Австрия, Польша, Румыния, Венгрия, Словакия өлкөлөрүндө болдум. Кыргызстанды көпчүлүгү биле беришпейт. Ал эми Казакстан жөнүндө кабары барлар көп.

Учурда 2 уулум бар. Экөө тең жогорку окуу жайларда билим алып жатышат. Келинчегимди жакын арада жаныма алып келгенге аракет кылып жатам», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE