Пример HTML-страницы

Көлбаевдин кылмыштуу тобуна тиешеси бар деп шектелген Өзгөн шаарынын мэри Дамир Моңолдоровдун иши эмне болду?

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облустук соту Өзгөн шарынын мэри Дамир Моңолдоровдун баш коргоо чарасын карап, камак турүн тандады. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 29-ноябрь күнү баш коргоо чарасы каралып, Ош шаардык сотунун буга чейинки чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

Ош шаардык сотунун 2023-жылдын 14-ноябрындагы токтомунун негизинде тергөөчүнүн өтүнүчү жарым-жартылай канааттандырылган.

Шектүү Д.М.га карата бөгөт коюу чарасынын камак түрү 1 айга, тактап айтканда 2023-жылдын 9-декабрына чейин тандалган.

Ош облустук сотуна шаардык соттун кеңсеси аркылуу апелляциялык даттануу түшкөн.

  • Буга чейин уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар деген шек менен Ош облусунун Өзгөн шаарынын мэри Дамир Моңолдоров кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирген.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин 139-беренеси (өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу) боюнча кармалган. Ошондой эле Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун ишмердүүлүгүнө катышкан деп шектелүүдө.

УКМК Өзгөн шаарынын мэри уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн системалуу түрдө пайдаланып, өзүнө жакпаган адамдарды коркутуп келгенин аныктаган.

«Кылмыш дүйнөсүнүн айрым өкүлдөрү жарандык активисттен Өзгөн шаарынын мэринин ишин сындоону токтотууну жана массалык маалымат каражаттарына чыгарбоону талап кылышкан. Алар активистти ден соолугуна олуттуу зыян келтиребиз деп коркутушкан», — деп айтылат маалыматта.

13-ноябрда УКМКнын кызматкерлери мэр Д.Ч.М.нын иш бөлмөсүнө тинтүү жүргүзүшкөн.

Жогорудагы адамдар кармалып, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө абагына камалган. Атайын комитет кылмыштын башка катышуучуларын аныктоо иштерин жүргүзгөн.

Моңолдоров Дамир Черикович Өзгөн шаарынын мэри кызматына 2022-жылдын май айында дайындалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE