Пример HTML-страницы

Ичеги-карын инфекциясына кайсы оорулар кирет?

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ат-Башы районунда 2023-жылдын 6 айында ичеги-карын инфекциясынын 63 учуру катталган. Бул тууралуу Нарын район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Ат-Башы району боюнча бѳлүмүнүн эпидемиолог-дарыгеринин жардамчысы Гүлзана Байматова билдирди.

Анын айтымында, 63 учурдун ичинен 52 учур 14 жашка чейинки балдар арасында катталган.

«Ат-Башы районунда 2022-жылдын 6 айында ичеги-карын инфекциясынын 74 учуру катталып, анын ичинен лабораториялык изилдѳѳнүн негизинде козгогучтары аныкталганы 20 учурду түзгѳн. Ал эми 74 учурдун ичинен 67 учур 14 жашка чейинки балдар арасында катталган. 2023-жылдын 6 айында ичеги-карын инфекциясынын 63 учуру катталып, анын ичинен лабораториялык изилдѳѳнүн негизинде козгогучтары аныкталганы 29 учурду түзгөн. Ал эми 63 учурдун ичинен 52 учур 14 жашка чейинки балдар арасында катталган. 2020-жылы коронавирус пандемиясынын учурунда колдун гигиенасына өзгөчө көңүл бурулуп, ичеги-карын инфекциялары 2 эсеге азайгандыгы байкалган», — деди ал.

Ичеги инфекцияларына дизентерия, сальмонеллез, ич келте, паратиф А жана В, холера, гастроэнтерит, тамак-аштан уулануу, вирустук гепатит А, вирустук ичеги инфекциялары (аденовирус, ротавирус, норовирус, астровирус жана башка) кирет.

«Ичеги инфекциясынын булагы болуп адам — оорулуу же бактерия алып жүрүүчү адам (организминде ичеги инфекциясынын козгогучтары бар дээрлик дени сак адам) саналат.

Адамдын ичеги-карын ооруларына кабылуусу кыйла жогору. Жаш балдар аларга өзгөчө сезгич болушат. Коомдук жана жеке гигиена чаралары сакталбаган шартта ичеги-карын инфекциялары өтө жугуштуу болуп, оорулуунун айланасындагы адамдарга тез жайылат.

Ичеги инфекцияларынын негизги белгилери алсыздык, табиттин начарлашы, диарея, кусуу, ичтин оорушу, дене табынын көтөрүлүшү жана чыйрыгуусу болуп саналат. Вирустук этиологиядагы курч ичеги-инфекцияларында ичегилердин жабыркашы менен бирге жогорку дем алуу жолдорунда өзгөрүүлөр байкалат.

Оорулардын козгогучтары тамак-аш, суу, топурак менен ооз аркылуу кирип, адамдын ичегисинде көбөйүп, кайра сырткы чѳйрѳгѳ тарайт. Ичеги инфекцияларынын козгогучтары тышкы чөйрөдө өтө туруктуу болуп, патогендик касиеттерин бир нече күндөн бир нече жумага, ал тургай айларга чейин сактайт. Ошондой эле ич келте, вирустук гепатиттин козгогучтары дагы тышкы чөйрөдө туруктуу болушат», — деди ал.

Жөнөкөй гигиеналык эрежелерди сактап, ичеги инфекцияларынын алдын алуу болот:

• Тамак даярдоо, тамактанар алдында жана дааратканага баргандан кийин колду милдеттүү түрдө самындап жуу;

• Ичүүчү сууну кайнатып, бөтөлкөлөргө куюп же тазалоодон өткөн сууну ичүү керек;

• Жашылчаларды жана мөмөлөрдү, анын ичинде цитрус жемиштерин, банандарды жана кургатылган жемиштерди таза суу менен жууп, кайнак суу менен чайкалгандан кийин гана жеш керек;

• Сүттү кайнагандан кийин ичүү керек;

• Чийки сүттөн же суюк сүттөн даярдалган быштакты термикалык иштетүү менен тамак түрүндө гана колдонуу жакшы;

• Бардык тамак-аш таза, жабыла турган идиштерде сакталышы керек;

• Тез бузулуучу тамак-аш азыктарын белгиленген сактоо мөөнөтүндѳ, муздаткычтын ичинде сактоо керек;

• Турак жайда тазалыкты милдеттүү түрдө сактоо, тез-тез желдетүү, күн сайын нымдуу тазалоону жүргүзүү;

• Жайкы мезгилде ачык суу сактагычтарда сууга түшүү атайын бөлүнгөн жерлерде гана түшүү;

• Коомдук эс алуу жайларында, бөтөлкөдөгү, газдалган сууну ичүүдө бир жолу колдонулуучу идиштерди гана колдонуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE