Пример HTML-страницы

Формасы үчүн окуучу кызды сабады делген мектеп директору окуя боюнча үн катты

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу (Ноокат округу) Ош шаарындагы М.Ломоносов мектебинин директору 9-класстагы окуучу кызды мектеп формасы жок болгон үчүн сабаганын айтып чыкты.

Депутаттын айтымында, мектептин директору 9-класстын окуучусун класстан сүйрөп чыгып, сабаган. Окуучу кыздын жакындары ага кайрылган. Депутат мектеп директору окуучу кызды форма үчүн сабаганын кошумчалады.

Бул окуя боюнча аталган мектептин директору Динара Алмаматова Turmush басылмасына комментарий берди. Ал депутат Коргонбай уулунун айткандары чындыкка дал келбей турганын жана бир тараптуу такталбаган маалымат таратканын айтты.

«Жогорку Кеңештин депутаты айткандардын баары жалган. Бизде андай окуя болгон жок. Биз мугалимбиз, психологпуз. Мектепте кантип иштөө керектигин билебиз. Бизде биринчи сабак саат 08:00дө башталат. Бүгүн, 14-мартта биринчи сабак башталганда соцпедагогдор менен бирге кечигип келгендерге эскертүү бердик. Андан сырткары мектеп формасы боюнча да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскерүүлөр берилди.

Жогорку Кеңештин депутаты айткан кыз бүгүн кыска, киндиги көрүнгөн топик, жабышкан жинсы шым жана спорттук бут кийим кийип келди. Чачын жайып, узун сөйкө тагынып алган болчу. Албетте, мен бул мектеп формасына туура келбей турганын айтып, эскертүү бердим. Ал сөйкөсүн гана чечти. Мен аны класс жетекчисине тапшырдым. Мени менен бирге башка класс жетекчилер, анын классташтары да болгон. Жеке мен өзүм балдарга карата зомбулук кылып, кол көтөрбөйм. Менден башка окутуучулар да эч качан зомбулук кылбайт. Эгерде ал депутат Кыргызстандын баарына ал окуучу кыздын чоң энеси айткандарын айтса, бул чындык болуп калбайт. Адамдын тагдыры менен ойногон болбойт. Минтип мугалимдерди кемсинтип, басынткан туура эмес», — деди Динара Алмаматова.

М.Ломоносов атындагы мектеп жаңы жана эски корпус болуп эки бөлүктөн турат. Директордун айтымында, өткөн жылы эки корпуска тең үндү кошо жазган видеокамералар коюлган. Бирок бүгүнкү күндө техникалык катачылыктан улам камера иштебей жатканын айтты.

Окуяда аты аталган 9-класстын окуучусунун класс жетекчиси Нуржан Анарбаеванын айтымында, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кинин аталган окуучу кыз «Формамды алмаштырып келейин» деп үйүнө кеткен. Көп убакыт өтпөй чоң энеси менен бирге келип, чоң энеси мектепте ызы-чуу салган.

Окуучу кыздын чоң энеси менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

——————————————————

Ош шаарында окуучу кыздын сабалышы боюнча факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталганын Turmush басылмасына Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирген.

Маалыматка караганда, бүгүн, 14-мартта саат 11:00 чамасында Ош шаарынын тургуну — 77 жаштагы аял киши Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Ал арызында 2008-жылы туулган небересин мектеп директору мектеп формасынын талабына жооп бербеген кийим кийип баргандыгын жана сабакка кечигип келгендигин айтып, урганын билдирген. Окуучу кыз Ош шаарындагы М.Ломоносов мектебинде окуйт.

Арыз маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүргүзүлө башталды. Окуя боюнча мектеп директору, бардык күбөлөр суралат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE