Пример HTML-страницы

Таластын Ак-Коргон айылында 10 жылдыктар балдар аянтчасын куруп беришти

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас районунун Ак-Коргон айылында 1994-жылы туулган классташтар балдар аянтчасын куруп беришти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл өкмөттөн билдиришти.

«Ак-Коргон айылындагы быйылкы 10 жылдыктар айылга атайын балдар ойноочу оюн аянтча куруп, айыл элине пайдаланууга беришти. Адардын мындай идеясы баарыбызга, өзгөчө жаш жеткинчектерибизге кубанычтуу болду. 1994-жылкы жигиттерге айыл тургундары баталарын беришип, жасаган иштери үчүн ыраазычылыктарын билдиришти», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE