Пример HTML-страницы

Түзөтүү мекемеде жөнөкөй кызматтан башкы эсепчиге чейин көтөрүлгөн Галина Склярова

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Москва районунун тургуну Галина Склярова 34 жылдан бери №16 түзөтүү мекемесинде эсепчи болуп иштеп келет. Ал 1967-жылы аталган райондун Төмөн-Суу айылында жарык дүйнөгө келген.

«Турмуш курган эмесмин. 1984-жылы №4 Беловодск орто мектебин аяктап, 1986-жылы Кара-Балта шаарындагы №105 кесиптик училищаны бүтүргөм. Андан бешинчи разряддагы ашпозчу кесибине ээ болуп чыккам. Андан кийин ата-энем бухгалтердик кесипти сунуштап калды. Чынында алар туура багыт көрсөтүшкөн экен. Мен ушул кесиптин арты менен агарып-көгөрдүм. Аларга миӊ мертебе ыраазымын. Ошентип ата-энемдин берген кеӊеши менен өнөр жай ишканасы боюнча бухгалтердик курсту ийгиликтүү аяктадым. Ошол эле жылы №16 түзөтүү мекемесине келишимдик негизде эсепчи болуп кызматка кирдим. Эки айдан кийин бухгалтер болуп дайындалдым. Албетте, мындай жоопкерчиликтүү иште эмгектенүү үчүн жогорку билим дагы талап кылынат эмеспи. Мындан улам 1991-жылы Бишкек финансы экономикалык техникумун сырттан аяктап алдым. Ошентип 15 жыл жөнөкөй бухгалтер болуп талыкпай эмгектенип жүрүп, 2003-жылы башкы бухгалтердин орун басары болдум. Көп өтпөй башкы бухгалтер болдум. 2019-жылы ардактуу эс алууга чыккам. Бирок, азыр деле кесибим менен эмгектенип келем.

34 жылдык талыкпаган эмгегимдин арты менен «Кайрат 1», «Кайрат 2», «Устат» деген төш белгилерди, медаль, грамоталарды алдым. Кесибим менен абдан сыймыктанам жана ишти жан дилим менен аткарып, элге кызмат кылып келем», — деди ал.

Каарманыбыз эсинде калган окуясын айтып берди.

«Жумушка жаңы киргенде, жетекчим мага тапшырма берди. Мен эмне кыларымды билбей, изденип баштадым. Анда эч бир тажрыйбам жок, жаӊы эле окуудан келген жаш адис болчумун. Ошентип мурунку журналарды карап, изденип жатып, тапшырманы аткарып бергем. Ал менин чыдамкайлыгыма ыраазы болуп, көптөгөн ийгиликтерге жетишеримди айткан. Биз ал адамдан көп нерсени үйрөндүк. Келечекте уулумду эл керегине жараган эр азамат кылып өстүргүм келет.

Бош убактымда эски ырларды укканды жакшы көрөм. Ал ырлар жакшы сезимдерге жетелейт», — деди Галина Викторовна.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE