Пример HTML-страницы

Кербенде архитектура башкармалыгынын 8 млн сомдук имаратынын курулушу башталды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 19-апрелде Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарында райондук архитектура башкармалыгынын эки кабаттуу заманбап имаратынын курулушу башталып, пайдубалына капсула салынды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев катышты. Облус башчысы имарат кызматкерлерге шарт түзүү, калкты заманбап тейлөө максатында курулуп жатканын белгиледи.

Райондун архитектура башкармалыгынын кызматкерлери 1995-жылдан бери административдик имарат жоктугунан ижарага ар кайсы мекемелердин имаратында иштеп келишкен. Жаңы имаратты курууга жалпы 8 млн сомго жакын каражат бөлүнгөн. Анын 4 млн сому райондун өнүктүрүү фондунан, калган сумма мекеменин жеке салыгынын эсебинен каржыланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE