Пример HTML-страницы

Чолпон-Атада үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун 8 млн сомго курулган имараты пайдаланууга берилди

TurmushЧолпон-Ата шаарынын 3-кичи районунда жайгашкан «Бакыт» үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы курулган имараты ишке берилди, деп билдирет аймактык кабарчы.

Буга чейин дарыгерлер тобу эски, шарты жок имаратта иштеп келишкен. Аталган имараттын курулушу 2019-жылы башталып, коронавирус пандемиясына байланыштуу токтоп калган.

Былтыркы жылы жандаган курулуш быйыл толугу менен аяктап, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу бардык шарттары бар имаратка көчүштү.

Имараттын курулушуна жалпы 8 млн сом акча каражаты сарпталган. Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан 1,5 млн сом, Чолпон-Ата шаардык мэриясынан 6,5 млн бөлүнгөн. Бул сарпталган акча каражатынын эсебине имараттын ичи-сыртын көрктөндүрүү жана эмеректерди алуу да кирет.

Имараттын салтанаттуу ачылыш аземине Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадылов, Чолпон-Ата шаарынын мэри Жапарбек Ормонов, Ысык-Көл райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жетекчиси Алмира Алдашева баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана шаар тургундары катышышты.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE