Пример HTML-страницы

Чолпон-Ата шаарында таштанды таштоочу жай тазаланып, иретке келтирилди

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарында таштанды таштоочу жай тазаланып, иретке келтирилди, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка караганда, ишембиликке жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана тиешелүү мекеме-ишканалардын кызматкерлери катышты.

Чолпон-Ата шаарынын мэри Азамат Турдубековдун айтымында, акыркы күндөррү шамал катуу болгондуктан ушундай абал жаралган. Таштанды таштоочу жайдан жагымсыз жыттын чыгуусун алдын алууга, ошондой эле, чымын-чиркейлердин көбөйүүсүн болтурбоо максатында дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп турат. Жакын арада аталган жайга таштандыны иргөөчу станокторду орнотуу пландалууда.

Ошол эле күнү президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаева, жергиликтүү бийликтин жана тиешелүү мекемелердин өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын уюштурулган. Анда аталган жайда таштандылардын көлөмүн азайтуу максатында айыл аймактардан 10 гектар жер бөлүп берүү сунушу киригизилди.

Чолпон-Ата шаарындагы жер тилке таштанды таштоочу жай катары 1975-жылы пайдаланууга берилген. Ал жакка Чолпон-Ата шаарынын, Бостери айылынын жана Бактуу-Долоноту айылынан чыккан таштандылар алып келинип ташталат.

Буга чейин Turmush басылмасы Чолпон-Ата шаарындагы таштандыга толгон жер видеого тартып алынганын жазган.

Видео 2024-жылдын 27-мартында Михаил Складниченко тарабынан тартылган.

«Бул калаадагы таштанды таштоочу жай. Анда үйүлгөн желим баштыктар жатат. Мунун баары шамал башталганда башка жактарга учат. Жайкысын бул жердеги таштандылардын сасыгы жакынкы пансионат, мейманканаларга чейин жетет. Муну менен катар аталган жерге уйдун өлүктөрү ташталып, чирий баштаптыр. Жада калса дем ала да албайсың.

Туристтик шаарга таштандыны кайра иштетүүчү заводдор керек. Ушул маселени чечип беришсе жакшы болмок. Анткени Ысык-Көл — Кыргызстандын жүзү. Биз бул жаратылыш байлыгыбыз менен сыймыктанып, таза бойдон сактап калышыбыз керек», — деген Михаил Складниченко.

Чолпон-Ата шаары — Ысык-Көл районунун административдик борбору. Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде жайгашкан курорттук шаар. Өлкөнүн борбору Бишкек шаарынан 240 чакырым, облустун борбору Каракол шаарынан 135 чакырым аралыкта жайгашкан. Батышынан Кара-Ой айылы, чыгышынан Бостери айылы менен чектешет.

Чолпон-Ата шаарынын калкынын саны 12 миң 864 адамды түзөт. Анын ичинен 11064 кыргыз, 1289 орус, 246 казак, 82 татар, 62 өзбек жана башка улуттун өкүлдөрү жашайт.

1975-жылы 4-ноябрда Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин президиумунун чечими менен Чолпон-Ата — Ысык-Көл районунун курорттук борбору статусуна ээ болуп, шаар макамын алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE