Пример HTML-страницы

Чолпон-Ата шаарында 13,4 млн сомго калкты  тейлөө борбору курулуп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында калкты тейлөө борборунун курулушу башталып, бүгүн, 20-сентябрда пайдубалына капсула салуу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарага облус башчысы Алтынбек Сулайманов, Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадылов баштаган мекеме-ишканалардын жетекчилери катышышты.

Бүгүнкү күнгө чейин тургундар документтештирүү иштерин, шаардын ар кайсы жерлеринде жайгашкан мекемелерден бүтүрүп келишет.

Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү элге тейлөө көрсөтүүнү жакшыртуу максатында президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнө долбоор сунуштап, колдоо тапкан. 3 ай аралыгында бүткөрүлүүчү калкты тейлөө борборунун имараттын курууга 13 млн 400 миң сарпталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE