Пример HTML-страницы

Чүйдө мас айдоочу башкалардын унаасын сүзүп, качып кетүүгө аракет кылды (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 8-март күнү болжол менен саат 00:50 чамаларында Бишкекке жакын жердеги айланма жолдо май куюучу жайдын жанында болгон унаа кырсык боюнча иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, аталган жолдо «Фольксваген Голь 3» үлгүсүндөгү унаасынын айдоочусу мас абалында жол кырсыгына учурап жыйынтыгында «Тойота Камри» жана «Лексус 570» үлгүсүндөгү унаалары менен кагышкан. Анын кесепетинен жабырлануучулар материалдык чыгымга учурашкан. Азыркы учурда териштирүүлөр жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE