Пример HTML-страницы

Чүйдө 19 жаштагы кыз мас абалында унааны айдап качып, 2 унааны сүздү (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Сокулук районунда унаа уурдап качкан жаш кыз мас абалында кармалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Чүй ОИИБи боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 16-мартында Бишкек шаарынын аймагынан «Мицубиси Каризма» үлгүсүндөгү унаа уурдалгандыгы тууралуу кабар түшкөн.

Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан саат 04:45 чамасында «Мицубиси Каризма» үлгүсүндөгү унаасын «Манас» эл аралык аэропорту тарапта 2003-жылы туулган Э.С.нын башкаруусунда табышкан.

ЖКККБнын кызматкерлери автоунааны токтотуп текшергенде, Э.С. унааны уурдаганы тастыкталган жана дарыгердин текшерүүсүнөн өткөргөндө, алкоголдук ичимдик ичип алгандыгы аныкталган. Анын үстүнө качып баратып кырсыкка кабылып, эки унааны сүзүп алган. Натыйжада кыз Бишкек шаарынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE