Пример HTML-страницы

Чүй облусунун суу сактагычтарында чортан балыгы активдүү кармала баштады. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун сууларында февралда чортон (тузсуз суудагы жырткыч балык) активдүү кармала баштаган.

Жырткыч балык кармоо боюнча адис, Жайыл районунун тургуну Айбек Алгожоев кыштын этегинде чортан уулоонун сырлары менен бөлүштү.

«Чүй облусунда кыштын аягында жем катары тирүү балык менен чортан кармаса болот. Февраль айында чортандын мүнөзү каалаган убакта өзгөрүшү мүмкүн. Бул аба ырайынын туруксуздугуна жараша болот.

Чүй облусунун айрым суу сактагычтарында чортандын активдүүлүгү акырындык менен күчөшү мүмкүн. Мунун баары суу сактагычтын шарттарына жана атмосферага көз каранды. Кыштын аягында чортанды кармоо үчүн майда балыктарды колдонуу жакшы».

Кыштын аягында суу объектилеринде кычкылтек кескин төмөндөйт жана бардык балыктар кыймылын азайтат.

«Ошондуктан чортанды сууда кычкылтек көп болушу мүмкүн болгон жерлерден: дарыялар менен дарыялардын кошулган жеринен, булактардан жана чириген суу өсүмдүктөрү жок жерлерден издөө керек. Эгерде кичинекей балыктар болсо жана алар активдүү кармалса, анда суу кычкылтекке бай экенин билүүгө болот», — деп билдирди Айбек.

Кыштын аягында кышкы балык уулоочулар өздөрүнүн коопсуздугу жөнүндө унутпашы керек. Февраль-март айларында муздар ээрип, кооптуу болуп калат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE