Пример HTML-страницы

«Бул маселени айтуудан уялып жатам»: Базар-коргондук тургун жашоочулардын көйгөйүн козгоду

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 21-апрелде президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Базар-Коргон районунун жашоочулары менен жолугушту, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жолугушууда коомдук даараткана маселеси да көтөрүлдү. Өзүн жергиликтүү кеңештин депутаты катары тааныштырган А.Курбанова Базар-Коргондогу калкты тейлөө борборунда кезек күткөндөр үчүн даараткана көйгөй жаратып жатканын айтты.

«Мен бул маселени айтуудан уялып жатам, бирок айтылышы керек болуп турат. Калкты тейлөө борборуна барганда эл ажатканадан кыйналат же айланасында коомдук ажаткана жок. Кыйналып калгандар ошол мекеменин жанындагы кошуналарына киришет. Мекеменин ажатканасына кызматкерлери гана кирет, карапайым калк пайдалана албайт», — деди ал.

Ал эми калкты тейлөө борборунун жетекчилиги даараткананы жашоочулар да пайдаланып жатканын айтып, депутаттын сөзүн төгүндөдү.

Базар-Коргон районунда өткөн жыйын 5 сааттан ашып, жеке маселесин айткандар көп болду.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE