Пример HTML-страницы

Боомдо сел агызып кеткен унаа изделип жатат

Акыркы жанылыктар

Turmush30-июль күнү Кемин районунда сел агызып кеткен унаа изделип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун болжол менен 135-чакырымында (Боом капчыгайы) «Тойота Сиенна» үлгүсүндөгү унааны сел Чу дарыясына агызып кеткен.

Алдын ала маалыматка караганда, аккан селдин көлөмү 20-22 миң куб метрге чейин жеткен. Кырсык учурунда 1960-жылы туулган К.А. аттуу эркек адам менен 2012-жылы туулган Л.Е. аттуу адам жеңил жаракат алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE