Пример HTML-страницы

Бишкектен унаа уурдоого шектелген жигит качканына карабай колго түшүрүлдү (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushБишкек шаарынан унаа уурдап кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Чүй облустук ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 7-март күнү болжол менен саат 21:30 чамасында Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринде токтоп турган «Ауди А4» үлгүсүндөгү унааны белгисиз адам уурдап качып кетти деген маалымат келип түшкөн. Иликтөө иштери башталып, Бишкек–Нарын–Торугарт айланма жолунун 31-чакырымынан аталган унаа токтотулган. Бирок айдоочу жол сакчыларына баш ийбей качкан. Кызматкерлер артынан кууп, кылмышка шектелген, 2002-жылы туулган Ш.Г. аттуу айдоочу кармалды. Аны тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Ысык-Ата РИИБге өткөрүп беришти», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE