Пример HTML-страницы

Бишкек ЖЭБиндеги аварияга байланыштуу Кара-Балтадагы ЖЭБ текшерилди

Акыркы жанылыктар

TurmushБишкек шаарындагы ЖЭБдеги аварияга байланыштуу Кара-Балта шаарынын тургундарынын үйлөрүн, мекемелерин жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылган Кара-Балтадагы электржылуулук менен жабдуу жана суу менен камсыздоо өндүрүштүк ишканасы текшерүүгө алынды.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 2-февралында Жайыл районунун акими Төрөгелди Түркбаев «Кыргызжылуулукоэнерго» мамлекеттик ишканасынын Кара-Балта шаарындагы филиалына пландан тышкаркы текшерүү менен барган.

Аким ЖЭБдин откана жана турбиналык бөлүмдөрүнүн иши менен, ошондой эле филиалдын газ отканаларынын иши менен таанышты.

Бишкек шаарындагы ЖЭБде болгон аварияга байланыштуу Кара-Балта шаарынын калкын жылуулук энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында жабдуулардын авариясыз иштешин камсыздоо боюнча артыкчылыктуу милдеттер белгиленди.

Ошондой эле, жумуш ордунда коопсуздук чараларын сактоонун маанилүүлүгү эскертилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE