Turmush — Чүй облусунун Токмок шаарына жакын жерде, тактап айтканда айланма жолдо үрөй учурган жол кырсыгы катталды. Маалыматты Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 18-январда болжол менен саат 12:00 чамасында Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 71,500-чакырымында «ВАЗ-2107» үлгүсүндөгү унаа түштүктөн түндүктү көздөй бара жатып, айланма жолго чыга калган учурда күн батыштан күн чыгышты көздөй бара жаткан «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаасына урунган. Андан соң каршы тилкеде келе жаткан «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүнсүндөгү унаага урунган.
Жол кырсыктын кесепетинен «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүсү — 1987-жылы туулган А.Т.Б. ошол жерден көз жумган.
Буга чейин окуяга күбө болгондор: «Кагышкан үч унаанын бири жүргүнчү ташыган кичи автобус экен. «Жигули» үлгүсүндөгү унаа экиге бөлүнүп кеткен. Ошондой эле отургучтар сыртта жатат. Жабыркаган кишилер көрүнбөйт, балким ооруканага алып кетишти», — деген.
Ал эми ооруканадан билдиришкендей, жол кырсык болгон жерден бир киши каза болсо, дагы бир киши жандандыруу бөлүмүнөн каза болгон. Алар: Ысык-Көл облусунун 1982-жылы туулган С.Б. аттуу тургуну (кырсык болгон жерден каза болду), Кемин районунун 1953-жылы туулган К.П.Ж аттуу тургуну жандандыруу бөлүмүнөн каза болду.
Жабыркагандар:
— Нарын районунун 2004-жылы туулган тургуну А.Д.Ж (кыз).;
— Нарын районунун 1968-жылы туулган тургуну О.Г. (эркек киши);
— Кемин районунун 1982-жылы туулган тургуну М.А.А. (аял киши);
— Нарын районунун1969-жылы туулган тургуну И.Г.К. (аял киши);
— Бишкек шаарынын 2008-жылы туулган тургуну Д.А.Д. (кыз);
— Кемин районунун 1975-жылы туулган тургуну Б.М. (эркек киши);
— Бишкек шаарынын 1955-жылы туулган тургуну Ч.А. (аял киши);
— Бишкек шаарынын 1993-жылы туулган тургуну А.А.К. (аял киши) жандандыруу бөлүмүндө;
— Бишкек шаарынын 2019-жылы туулган тургуну Ч.Р. (кыз) жандандыруу бөлүмүндө;
— Аты-жөнү белгисиз киши (35-40 жаштарда) жандандыруу бөлүмүндө;
— Аты-жөнү белгисиз киши (25-30 жаштарда) жандандыруу бөлүмүндө.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.