Пример HTML-страницы

Баткендик Мукадас Бабаева 2 ай атайын сабак алып, үйүндө чакан цех ачты

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен районунун чек арада жайгашкан Самаркандек айылынын 47 жаштагы тургуну Мукадас Бабаева тигүүчүлүктү колго алып, үйүнүн бир бөлмөсүнө чакан цех ачты. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 2 айлык курста окуп, атайын долбоордон 3 тигүү машинасын алган. Кошунасы, келини менен чакан цехти иштеткенине жарым жылга чукулдап калды. Учурда өзү тиккен кийим-кечени жергиликтүү базарга алып чыгып сатып жатат.

«Бизде чынында жерге иштейин десең суу тартыш. Мал багууга да ыңгайсыз. Айылдагы жаштар чет жакка чыгып миграцияда жүрүшөт. Жумушсуздук чынында негизги көйгөй. Мындан улам ар кандай долбоорлор иштеп келет. Бирок иштеп кеткендер аз. Мен да өткөн жылы ушундай долбоорго катышып, 2 ай тигүүчүлүктү окудум. Анан жыйынтыгында 3 тигүү машинасын алдым. Ошондо эле үйүмдүн бир бөлмөсүнө жайгаштырып, цех ачтык. Кошунам, келиним мен болуп, кийим-кече тиге баштадык. Жазында жеңил кийимдер. кыздарга, келиндерге көйнөк шымдарды тигебиз. Кышында азыр кемзир, калың чапандарды, калың шым, спорттук кийимдерди тигебиз. Буйрутмалар түшөт. Анан тиккен кийим-кечени өзүбүздүн базарга алып чыгып сатам. Киреше кудайга шүгүр, бала-чакага, үйдүн тамак-ашына жетип турат.

Жаштыгымдан эле тигиүүчүлүккө кызыгуум болгондуктан мен үчүн чоң жетишкендик болду. Бул цехте тигүүчү, бычмачы, үтүкчү да өзүбүз. Келин-кыздарды да окуталы деп жатабыз. Анткени айылда киреше табып жумуш менен камсыз болууга себепчи бололу дейбиз», — деди ал.

Чебер айым 4 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE