Пример HTML-страницы

Баткендик мугалим Б.Анарбаева кыз-келиндерге түрдүү кийимдерди тигип жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен районунун Кара-Булак айылынын тургуну Бегайым Анарбаева кийим- кеченин түрүн тигип, кошуна айылдардын да элин тейлөөдө. Ал мектепте мугалим болуп иштесе, үйдө уз-чеберчилик менен алектенерин айтат.

«Кичинекей кезимде эле тигүүчүлүккө болгон кызыгуум бар эле. 11-класста окуп жаткан кезимде эжеме бешик бергенбиз. Ошондо бешиктин төшөктөрүнүн баарын өзүм тиккенмин. Ошол учурдан бери эле кол өнөрчүлүк менен алектенем. Кийин Ош шаарындагы окуу жайга тапшырып, ошол жакта кошумча тигүү курстарында окуп, билимимди кеңейттим. Өзүм кесибим боюнча физика сабагынан мугалиммин. Учурда окуучуларга сабак берем.

3 айлык жайкы эс алууда мен үчүн тигүү сезону башталат. Тынымсыз кардарлар келип буюртма берип турушат. Эркек кишилерге чапан, кемзир тигем. Ал эми кыз-келиндерге ылайыктуу бардык кийимдерди тиге берем. Буюртмалар өзүбүздүн айылдан сырткары кошуна айылдардан, Баткендин ар тарабынан түшөт.

Атайын ар кандай фасондогу сурөттөрдү жиберишет. Колдон келишинче тигип берем. Бул тубаса талант болуш керек. Менин чоң энем да тигүүчү болгон. Эки бир тууган эжем тигүүчүлүккө такыр кызыгышпайт. Уз-чеберчиликти аял киши үчүн эң жакшы кесип деп билем. Балдарды да кароого жетишесиң, үй ишиң да аткарасың, бош убактың болгондо тиге бересиң. Мен убактыма карап тигем. Кардарлар да түшүнүү менен кабыл алышат», — деди ал.

Бегайым Анарбаева 3 уул жана 1 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE