Пример HTML-страницы

Баткендеги жаңы конуштун жашоочуларынын CASA-1000 долбоору боюнча кайрылуусуна жооп берилди

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен районунун Кара-Бак айылындагы Алтын-Адыр жаңы кошунунун тургундарынын кайрылуусуна «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКсы жооп берди.

Басма сөз кызматы 16-апрелде билдиргендей, «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» CASA-1000 долбоорунун аткаруучусу болуп саналат. Ал долбоордун инфраструктурасынын курулуш бөлүгүн ишке ашырат. Жалпысынан Кыргызстан боюнча 455,6 чакырымга 500 кВ аба электр чубалгылары тартылат. Ал «Датка» көмөкчордонунда атайын курулуп, андан линия Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустары аркылуу кыргыз-тажик чек арасына чейин өтөт.

Курулуш иштери Баткен облусунда башталып, Ош жана Жалал-Абад облустарында параллелдүү жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө төмөнкү курулуш иштери бүткөрүлдү: 955 тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирүүчү жолдорду куруу 76 пайыз болду, 897 тирөөчтүн орду казылып, 72 пайыз иш аткарылды, 742 арматура жана бетон куюлуп, 59 пайызга аткарылды. 436 тирөөч орнотулуп, 35 пайыз иш аткарылды. Долбоордун алкагында жалпысынан 1241 тирөөч курулат.

Ишке 84 бирдик атайын техника жана атайын машина, 44 бирдик автотранспорттук техника жана 230 жумушчу тартылып, анын 70 пайызга жакыны жергиликтүү тургундар болду.

Аталган үч облуста инфраструктуралык объектилерди курууга адистерди мобилизациялоо үчүн 6 курулуш базасы түзүлгөн.

CASA-1000 долбоорунда донорлордун жардамы менен жергиликтүү коомчулукту колдоо долбоору иштейт. CASA-1000 өлкөдөгү жергиликтүү коомчулукту колдоо долбоору максаттуу айылдардын тургундарын тартууга негизделген жана үч багытта ишке ашырылат:

— максаттуу айылдарды энергия менен камсыздоону жакшыртуу;

— максаттуу айылдардагы социалдык инфраструктураны жана кызмат көрсөтүүлөрдү колдоо;

— тандалган айыл аймактарынын жашоо-тиричилик объектилерин колдоо.

«Кыргызстандын улуттук электр тармагы» маалымдагандай, бүгүнкү күндө ар бир конушта биринчи багыт — электр менен камсыздоону жакшыртуу боюнча иштердин көлөмү аныкталган. Жаңы курулуш жана оңдоо иштери «Ошэлектро» жана «Жалалабадэлектро» аркылуу жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE