Пример HTML-страницы

Баткенде көмүлгөн эки жуптун сөөгү табылды (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Кошун аймагында археологиялык изилдөө жыйынтыкталды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

БатМУнун доценти, тарых илимдеринин кандидаты Абдинаби Кадыровдун айтымында, аталган аймакта 10 күн изилдөө иштери алып барылган.

«Бул аймакта жалпысынан 200гө чейин тарыхый маданий эстеликтер эсепке алынды. Анын ичинен бешөө казылып, изилдөө учурунда 1 кумура, 3 темир бычак, 1 канжар, 1 жаанын учу, 1 кайыштын тогосу табылды. Алдын ала болжолдоолорго караганда, 1-4-кылымдарга таандык буюмдар.

Ал мезгилде маркумдун буюм-тайымдарын, аял кишилердин зер жасалгаларын сөөк менен кошо көмүшкөн. Аны менен катар сөөктүн баш жагына кумураларга толтуруп тамак-ашын коюшкан. Археологиялык изилдөөнүн жыйынтыгында толугу менен бүтүн 3 сөөк, толук эмес абалда 3 сөөк табылды. Табылгалар БатМУнун музейине өткөрүлүп берилди. Кийинчерээк бул археологиялык табылгалар Европага лабораториялык изилдөөгө жиберилет», — дейт Абдинаби Кадыров.

«Кызыл-Кошун өрөөнүндөгү илимий божомолдорго караганда, окшоштуктары жана жайгашуулары боюнча табылгалар байыркы сак, гунн жана түрк дооруна таандык», — дейт тарых илимдеринин кандидаты Акжол Кадыров.

Буга чейин Turmush басылмасы курулушу жүрүп жаткан Түп—Кеген жолунун 55-чакырымынан (3-4-ферманын ортосундагы аралык) адамдын сөөгү табылганын жазган.

Табылга боюнча илимий изилдөө жүргүзүлөрүн Ж.Баласагын атындагы улуттук университеттин тарых институнун археология, этнология жана булак таануу кафедрасынын доценти Орозбек Солтобаев билдирди.

Анын айтымында, үйүлгөн «Сан-Таш» эстелигинин тушунда быйылкы жылга карата пландык тарыхый изилдөө жүргүзүлүп жаткан. Алдыда жол боюнан табылган адамдын сөөгү боюнча 5 баскычтуу жыйынтык чыгары күтүлүүдө.

«Быйыл пландык негизде Түп жергесинде 20дан ашык жумушчу топ архелогиялык изилдөө жүргүзүп жатканбыз. Анда Түп—Кеген жолунун курулушунда жолдун алдында калып калбасын деген максатта 20 сантиметрден 2 метрге чейинки тереңдикти изилдөөдөбүз. Натыйжада 8 күн мурда «Сан-Таш» эстелигинин аймагынан адамдын сөөгү табылды. Бул табылга болжол менен биздин заманга чейин 2-3-кылымдарга таандык. Аны музейге өткөрүп беребиз.

Учурда өтө кылдаттык менен карап жатабыз. Табылганын эркек же аял экени, жаш курагы, расасы кандай экени атайын лабораториялык жол менен изилденип, жалпысынан 4-5 баскычтуу жыйынтыгы чыккандан соң жарыялайбыз. Бул жалпы элибиздин тарыхы жана маданияты. Биз изилдеп жыйынтык чыгарганга чейин жолдогу жүргүнчүлөр тартып алып, интернетке тартып жайылтуусу — бул маданиятсыздык. Бул багытта коомчулук ар кандай пикирлерди жаратып, биздин ишибизге да тосколдук жаратууда. Андыктан өзүбүздүн тарыхыбызга кайдыгер карабоого чакырат элем», — деди ал.

Кечээ, 2-июль күнү Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаӊы-Жер айылындагы мүрзөдөн эски кумура табылды. Бул тууралуу Turmush басылмасына жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, кумаранын ичи толо топурак болуп чыкты.

«Эч бир жери сынбастан, бүтүн бойдон сакталыптыр. Бирок кайсы кылымга таандык жана эмне болгон кумара экени белгисиз. Жашоочулар айылдагы көзү өтүп кеткен кишиге жай казып жатып таап алышты», — дешти тургундар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE