Пример HTML-страницы

Баткен шаарында жазгы талаа иштери башталды

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен шаарында дан эгиндерин айдоо иши башталды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, «Тегирмен-Башы» асыл тукум эчки заводу кайрак жана сугат жерлерге кылкандуу дан эгиндерди себүүдө. Жалпысынан 37 гектар жер жогоруда аталган чарбага тийиштүү болуп, анын 19 гектарына арпа менен беде себүү жумуштары аткарылган.18 гектар жерге буудай менен беде себилет.

Мындан тышкары «Кызыл-Дан» үрөөнчүлүк чарбасында 15 гектардан ашуун жерге күздүк буудай себилген. Азыркы учурда 10 гектардан ашуун жерге жаздык арпа себилүүдө. Гектарлаган жерлерлерге жүгөрү, күрүч, урук алууга багира сортундагы беде эгүү пландалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE