Пример HTML-страницы

Баткен облусунун 25 жылдыгына карата медалдын эскизине сынак жарыяланды

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусунун 25 жылдыгына карата медалдын эскизине сынак жарыяланды. Бул тууралуу облустук жетекчиликтен кабарлашты.

Маалыматка караганда, быйыл Баткен облусунун түзүлгөндүгүнө 25 жыл толот. Бул салтанатка карата юбилейлик медаль чыгарылат. Анын эскизин даярдоо боюнча сынак жарыяланды. Медалдын эскизинде Баткен облусунун өзгөчөлүктөрү камтылуусу керек.

Жеңүүчүлөргө:

— 1-орунга 15 миң сом;

— 2-орунга 10 миң сом;

— 3-орунга 5 миң сом акчалай сыйлык ыйгарылат.

Сынактын катышуучулары эскиздерди 25-апрелге чейин президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын уюштуруу инспектордук, кадр иштери жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнө тапшыруусу зарыл.

Дареги: Баткен шаары Т.Садыков көчөсү-1

Телефон: 0(3622)5-03-47, 0779 389 321.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE