Пример HTML-страницы

Ат-Башынын Ак-Моюн айылында дарыгерлер жетишсиз

Акыркы жанылыктар

TurmushАт-Башы районунун Ак-Моюн айылында дарыгерлер жетишсиз. Бул тууралуу Ак-Моюн айылынын тургуну Чолпонай Сагындыкова билдирди.

Бүгүн, 14-сентябрда Ат-Башы айылындагы «Чатыр-Көл» кинотеатрында башкы прокурор Курманкул Зулушев, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов жана башкалар Ат-Башы районунун эли менен жолукту.

Чолпонай Сагындыкованын айтымында, аталган айылда томография жок болгондуктан тургундар Бишкекке чейин барышат. Дарыгерлер дагы жетишсиз. Мындын тышкары спорт комплекси жок.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү районго томография аппараты даяр экендигин, аны орнотууга орун даярдалып жатканын билдиришти. Ошондой эле, дарыгерлердин жетишсиздиги бардык жерде бар экенин айтып, жаш дарыгерлерди тартуу максатында иштер жүрүп жатканын кошумчалашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE